Каржы министрлигинде мамлекеттик каржыны башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоору талкууланды

Каржы министрлигинде 4-декабрда 2016-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик каржыны башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоору талкууланды. Жыйында каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдиргендей, кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик каржыны заманбап, натыйжалуу, жоопкерчиликтүү башкарууну камсыздоо мамлекеттик каржыны башкаруу реформасынын узак мөөнөттүү максаты болуп саналат. "Стратегияны ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттин натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат жана бюджет процессинин ачык-айкындыгын арттырат",- деди Азимов.

Жыйындын катышуучулары стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу, өкмөт тарабынан кабыл алуу жана мамлекеттик каржыны башкаруу системин жакшыртуу өз убагында жасалып жатканын белгилешкенин мекемеден кабарлашты.

16-декабрда стратегиянын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан