12-мартта борбор шаарда жаш балдарды кайырчылыкка мажбурлап иштетип жүргөн 8 аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул факты Бишкек шаардык ИИББинин коомдук көзөмөл бөлүмү менен шаардык мэрия биргеликте жүргүзгөн рейд учурунда аныкталды. Рейддин жүрүшүндө борбордогу соода-сатык жана өтмөк жолдору текшерилди. Маалым болгондой, тилемчилик кылып иштеген 2 жашка чейинки балдардын саны бир топко өскөнүн билдирет Бишкек шаардык ИИББи. Кармалган аялдар боюнча тергөө иштери жүрүүдө.