"Саякбай манасчы менен “Манас” эпосун бири-биринен бөлүп кароого болбойт" дейт өкмөт башчы

4-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкектеги “Манас айылы” этнографиялык комплексинде улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылыш салтанатына катышты.

Премьер-министр “Манас” эпосунун күнү жана Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылышы менен куттуктады. Саякбай манасчы менен “Манас” эпосун бири-биринен бөлүп кароого болбой турганын белгилеп, маданий олжону чайпалтпай сактап, бизге өткөрүп берген манасчылардын талантына, талыкпас мээнетине баа берүү керектигин билдирди.

Ошондой эле премьер-министр коопсуздук маселеси курч турган учурда өлкө коопсуздугун сактоого “Манас” эпосунун, кыргыздын салт-санааларынын орду зор экенин белгиледи.

“Ата-бабалар калтырып кеткен мурастын учугун улап, өздөштүрүүгө коомчулук тарабынан да, мамлекет тарабынан да баа берилиши керек. Бул багытта өкмөт өз аракеттерин көрүп жатат жана мындан ары да уланат. Буга чейин 2012-2017-жылдарга карата “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча улуттук программа киргизилген. Келечекте бул багыттагы иштер улантылмакчы”,- деди Темир Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан