Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чүй облусунун Кемин районундагы Жол-Булак айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Премьер-министр айыл тургундарын жаңы мектептин ишке берилиши менен куттуктап, билим берүү мекемесинин ачылышы маанилүү окуя экенин билдирди.
«Биз азыр ааламдашуу доорунда жашап жатабыз. Заман ылдамдыгы, жашоо ылдамдыгы абдан тездеди жана талап өзгөрүп жатат. Мындай учурда сапаттуу билимге ээ болгон адам гана турмуштан өз ордун таба алат. Бул талаптарга жооп берген адистерди даярдашыбыз керек. Ошондуктан мамлекет жана өкмөт билим берүүгө шарт түзүүгө көңүл буруп, аракет көрүүдө. Өлкөбүздүн негизги байлыгы – адамдар. Биз өз жарандарыбызга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү менен кубаттуу мамлекет кура алабыз»,- деди Темир Сариев.
Премьер-министр келечек муунга татыктуу тарбия берүүдө мамлекет менен катар ата-энелердин жоопкерчилиги чоң экенин билдирип, бул жоопкерчиликти татыктуу аткарууга чакырды. Темир Сариев өлкөдө билим берүү менен катар саламаттыкты сактоо, маданият тармагына көңүл бурууну күчөтүп жатканын маалымдады.
«Биз элибиз сыймыктана турган мамлекетти курушубуз керек. Ал үчүн өлкөдө туруктуулук, биримдик жана тартип болуп, мыйзам иштесе гана ишке ашат. Өкмөт бул багытта талыкпай иштөөгө даяр. Учурда өкмөттүн башкы талабы тартип жана мыйзамдуулукту орнотуу болууда»,- деп билдирди Темир Сариев.
Муну менен катар премьер-министр Кемин өрөөнүнүн мамлекетибиздин түптөлүшү жана өнүгүшүндө орду чоң экенин белгилеп, жаны курулган мектеп келечекте өлкө керегине жараган жарандарды тарбиялайт деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле Темир Сариев эл менен баарлашууда өлкөдө ишке ашырылып жаткан улуттук долбоорлор боюнча маалымат берди. Чүй облусунун Кемин районундагы Жол-Булак айылындагы 225 орундуу орто мектеп республикалык бюджеттин эсебинен салынды. Аны курууга бюджеттен 75 миллион сом бөлүнгөн.