Темир Сариев: "Мурда ар бир адам айыл чарба жаатындагы жерлерди сатып алып, аны трансформациялаган соң сатууга укугу болсо, эми мындай кылууга жол жок"

5-ноябрда өкмөт башчы Темир Сариев Чүй облусундагы Сокулук районунун айыл башкармалык жетекчилери менен жолугушуп, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнө жана Ысык-Ата районунун акимине үч күндүк мөөнөттө "ЗиЛ" тоо-лыжа базасын электр менен камсыздоону калыбына келтирүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.

"Өкмөт кыргыз жеринде туризмди өнүктүрүү үчүн аракеттерди көрүүдө. Биз үзгүлтүксүз түрдө туристтик тармакты өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу сөз кылып келебиз. Ал үчүн бизде бардык шарттар – кооз жаратылыш, ар кыл трассалар салынган тоо-лыжа базалары бар. Бирок туристтердин агымын көбөйтүүгө карата жасалган аракеттерге карабастан, айрым учурларда лыжа базаларынын жана эс алуу жайларынын иштешине каршылык көрсөткөн жергиликтүү элдин тоскоолдуктарына туш келген учурлар бар. Алар туризм тармагында иштеген ишкерлердин жарыгын өчүрүп салышууда",- деди Сариев.

Жыйын жүрүшүндө Сариев белгилегендей, жаңы эрежелер киргизилүүдө, ага ылайык, мындан ары карай жер тилкелерин трансформациялоо маселеси жергиликтүү бийлик органдарынын артыкчылыктуу укугу болуп саналат.

"Эгерде мурда ар бир адам айыл чарба жаатындагы жерлерди сатып алып, аны трансформациялаган соң гана сатууга укугу болсо, эми мындай кылууга жол жок. Трансформацияланууга тийиштүү ар бир жер тилкеси башкы планга ээ болуусу тийиш",- деп жыйынтыктады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан