Армения жарандарынын 63 пайызы парламенттик башкарууга өтүүнү колдоду

Армения жарандарынын 63 пайызы парламенттик башкарууга өтүүнү колдоп добуш беришти. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, конституциялык реформа боюнча референдумдагы добуштарды электрондук саноонун жыйынтыгына ылайык, жарандардын 63,35 пайызы "ооба", 32,35 пайызы "жок" деп добуш беришти (7-декабрь, саат 06:00гө карата).

6-декабрда өткөн шайлоого жарандар пассивдүү катышканы айтылды. Шайлоочулардын 50,51 пайызы гана добуш беришкен. Белгилей кетсек, Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен Армения президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга кадам таштаганы жатат. Муну менен өлкө президентинин ыйгарым укуктары кыскарып, мамлекет башчысы парламент тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан