Равшан Рысбаев кайрадан өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды

Равшан Рысбаев КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Аталган буйрукка премьер-министр Темир Сариев 4-декабрда кол койгонун 7-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Рысбаевди бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин жамаатына тааныштырды.

Рысбаев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп 2014-жылдын 13-майынан бери иштеп келип, кайра 2015-жылдын 1-сентябрында кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан