Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде "Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" программасы боюнча кыргыз өлкөсү менен Европа союзунун ортосундагы Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" КРнын мыйзамынын долбоору каралууда. Бул боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев баяндама жасады. Анын айтымында, макулдашууга ылайык, Европа союзу кыргыз өкмөтүнө 30 миллион евро бөлөт. Анын 26 миллиону бюджетке түшсө, калганы программанын ишке ашуусун көзөмөл жасоочу эл аралык уюмдардын бирине берилет. Өкмөт ал каражаттарды балдардын социалдык абалын жакшыртууга жумшашы шарт.