12-мартта баңгизат кылмышы боюнча 5 жаран кармалды

ИИМ 12-март күнү баңгизат кылмышы боюнча 5 адам кармалганын билдирди.

Биринчиси - Чүй облусунун Ысык-Ата районунан 1991-жылы туулган П.З. жана А.Р. аттуу жарандар кармалып, тинтүү учурунда алардан 300 грамм баңгизат табылды. 

Экинчиси - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кара-Суу айылынан 1979-жылы туулган М.А. аттуу жаран колго түшүп, андан 1200 грамм баңгизат алынды.

Үчүнчүсү - Каракол шаарынан кармалган 1968-жылы туулган В.Х. аттуу жарандан 300 грамм баңгизат табылды.

Төртүнчүсү - Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынан 1963-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, 590 грамм баңгизат алынды. Учурда бул фактылар боюнча тергөө улантылып жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан