Бактыгүл Жээнбаева "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалды. Жээнбаева 3-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Улуттук банктын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулган. Анын кызматтан алынышы башка ишке которулганына байланыштуу болгону айтылган эле.
Аталган ишкана жарандарды 2015-2020-жылдары жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо программасын ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Бул боюнча өкмөттүн токтому 2015-жылдын 15-июлунда чыккан.