Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде Баткен окуясында окко учкан 74 аскер адамынын үй-бүлөлөрүнө берилчү жөлөк пулду 6 миң сомго көтөрүү сунушу каралды. Жыйында каржы министри Адылбек Касымалиев демилгени ишке ашырууга өкмөттө каражат жок экенин айтты. "Баткен окуясында курман болгондордун балдарына берилчү жөлөк пулду жогорулатууга өкмөттө каражат жок",- дейт министр Касымалиев.
Аталган комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз бүгүн мекен үчүн кан төккөндөргө мамлекет көңүл бурбаса, өлкөнү коргоого эч ким кызыкдар болбой кала турганын айтты. "Бул өлкө эгемендүүлүк алгандан кийинки биринчи окуя болгон. Алар канын төгүүдөн качышкан жок. Биз аларды камсыз кылуудан качпашыбыз керек",- деди эл өкүлү.
Жыйынтыгында демилге боюнча талаш-тартыш маселелер жаралып, комитет бул боюнча өкмөт жана "Баткен согушунун республикалык жоокерлеринин кеңеши" коомдук бирикмеси өз ара сүйлөшүп чыгышы керек деген чечимге келишти.