"Республика - Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматовго мандат берилмей болду. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү, 7-декабрдагы жыйынында кабыл алынганын комиссиядан билдиришти.
Эскерте кетсек, "Орусиянын жарандыгын алган" деген жүйө менен Саматовду БШК 27-октябрда талапкерлердин тизмесинен чыгарган. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган.
Андан бери аталган талапкерге мандат берилбей келген. Саматов сот чечимин БШК аткарбай жатканын айтып, Башкы прокуратурага кайрыларын жакында билдирген эле.