Жылнаама, 8-декабрь: Мындан 86 жыл мурун эң белгилүү “Сениби, шашпа!” мультфильминде коёндун үнүн коштогон советтик жана орусиялык актриса Клара Румянова төрөлгөн

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Бишкекке кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Камчы Көлбаевдин Дубайдан келгендиги маалым болуп, ага "адам уурдоо", "мыйзамсыз курал-жарак сактоо, аны алып жүрүү" сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна абакка алынып, тергөө иштери башталган.

2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот 2014-жылдын май айында Камчы Көлбаевдин иши боюнча чыгарган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.
2014-жылы 8-июнда Камчы Көлбаевдин жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыккан.

* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы 300дөн ашуун советтик мультфильмдерде, анын ичинде эң белгилүү “Сениби, шашпа!” мультфильминде коёндун үнүн коштогон советтик жана орусиялык актриса Клара Румянова Ленинградда төрөлүп, 2004-жылы 18-сентябрда 74 жашында рак илдетинен улам каза тапкан.
Актриса "Сельский врач", "Они были первыми", "Четверо", "Жизнь сначала", "Воскресение", "Время, вперёд!", "12 стульев" сыяктуу тасмаларда роль жараткан.

* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы орусиялык жазуучу, драматург, сценарист Александр Хмелик 76 жашында Москвада көз жумган. "Ералаш" киножурналынын башкы редактору Александр Хмелик 1925-жылы 7-сентябрда СССРдин Алупка шаарында туулган. СССР убагында режиссёр Алла Сурикова БК КПССке кайрылып, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн балдарга арналган “Фитилёк” аттуу аналогун тартууга уруксат алып, бирок бул идеясын бат эле таштап салган. Анда долбоорду Александр Хмелик менен Борис Грачевский колго алышкан. “Фитилёк” деген ат Грачевскийге да, Хмеликке да, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн авторлоруна да жаккан эмес. Ошондуктан балдарга арналган көрсөтүүгө жаңы аталыш ойлоп табуу керек эле. Татыктуу ат таба албай эки чоң адамдын баштары катып турганда Хмеликтин 7-класста окуган кызы Наташа “Ералаш” деген атты сунуш кылган. Ошентип, киножурналдын тушоосу кесилип, сериялар биринин артынан бири тартыла баштаган.

* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Чилинин борбору Сантьяго шаарындагы Сан-Мигель түрмөсүндө абактагылар козголоң чыгарып, матрацтарын өрттөп киришкен. Андан улам түрмөнүн бир нече бөлүгү өрттөнүп, ал 81 кишинин өмүрүн алып кеткен. Козголоң кылмыштуу топтор арасындагы кагылышуудан улам башталган.

8-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dasta
2015-12-07 22:13:43
Камчы колбаев азыркы учурда кыррызтанда бекен???
+1
Asel78
2015-12-08 08:14:25
Клара Румянова эмес Румянцева
0
admin_portal
2015-12-08 09:55:02
Asel78, саламатсызбы!
Сиз бир аз алмаштырып жатат окшойсуз Надежда Румянцева менен. Надежда Румянцева тууралуу төмөндөгү шилтеме менен өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/jylnaama/event/24621
+1
maks1980bishkek
2015-12-08 10:03:21
Супер кантипле адашсын.румянова эле коендун унун коштогон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан