Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Азербайжандын Милли Мажилисинин төрагасы Октай Асадовго "Гүнешли" мунай кениндеги жардырууга байланыштуу көңүл айтты. Спикердин көңүл айтуу катында булар белгиленет:
“Урматтуу Октай Сабирович!
Каспий деңизиндеги Азербайжандын мунай чыгара турган аянтында болгон өрттүн кесепетинен улам адамдардын өмүрүн кыйган окуя тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”.
Эскерте кетсек, 4-декабрь күнү Каспий деңизиндеги Азербайжандын "Гүнешли" мунай кенинде жардыруу болуп, 32 адам көз жумуп, 42 адам жаракат алган.