Быйылкы жылдын 10 айында тигүү тармагындагы өндүрүштүн көлөмү 25 пайызга азайды. Экономика жана өнөр жай министрлиги муну Орусия менен Казакстандагы экономикалык кырдаалга, рубль менен теңгенин курсунун түшүшүнөн кийинки суроо-талаптын кыскарышы менен байланыштырууда.
Министрликке таянсак, 2014-жылы тигүү продукцияларын экспорттоонун суммасы 98,9 миллион долларды түзгөн. 2015-жылдын 10 айында 39,6 миллион долларды түздү. Импорттун суммасы былтыр 183,3 миллион долларды түзсө, быйыл 10 айда 98,2 миллион доллар болгону айтылды. "Тармакта өндүрүштүн азайышы Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүдөн улам эмес. Тескерисинче, бажы тоскоолдуктарынын алынышы менен тигүү тармагын жандантууга шарт түзүүгө жол ачылды",- деп айтылат маалыматта.