2015-жылдын январынан бери доллар 18 сомго кымбаттады. Жыл жаңырган учурда 1 доллардын баасы 58 сом 88 тыйын болчу. Азыркы учурда доллардын курсу 76 сом болууда (8-декабрь, саат 9:00гө карата). Маалыматка таянсак, 11 айда кыргыздын улуттук валютасы - сом 28,8 пайызга күчүн жоготту.
Экономика жана өнөр жай министрлиги доллардын позициясынын бекемделиши көптөгөн өлкөлөрдө жүрүп жатканын билдирүүдө. Маалыматка таянсак, 2015-жылы казакстандык теңге - 68,4 пайызга, евро - 12,2 пайызга, орусиялык рубль - 21,8 пайызга, беларустук рубль - 53,4 пайызга, азербайжан манаты - 33,8 пайызга, тажистандык сомони 27,6 пайызга кунун жоготкон.
Өкмөт дүйнөлүк экономикадагы кырдаалды анализдеп, доллардын күчтөнүшүнүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизчү зыянын азайтуу чараларын карап жатканын билдирет министрлик.