Режиссёр, Кыргыз ССРинин Искусствого эмгек сиңирген ишмери Бектен Абдылдаев дүйнө салды

Кыргыз ССРинин Искусствого эмгек сиңирген ишмери Бектен Абдылдаев 75 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу 8-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бектен Абдылдаев 1970-жылы Москва мамлекеттик университетинде билим алып, режиссёрдук кесипке ээ болгон. 1991-жылы Чүй облустук драма театры негизделип, ошол жакта эмгектене баштаган. 1995-жылы чыгармачылыктагы жетишкендиктери үчүн ага "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамы ыйгарылган. Режиссёрдук иши боюнча 2007-жылы Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. 2009-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
88inara88
2015-12-08 16:43:53
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан