Баткен облусунда кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесин белгилөө пландалууда. "Учурда иш-чаранын алкагында аткарылчу иштер боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилөөгө аракет көрүлөт",- деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Жамалдин Эшанкулов.
Айта кетсек, Абсамат Масалиев 2004-жылы, 31-июлда 71 жаш курагында каза болгон.