Төрөбай Зулпукаров айрым гезиттердеги өзү тууралуу жазылган маалыматтар жалган экенин айтып, билдирүү таратты

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров соңку кездерде маалымат каражаттарында өзү тууралуу жазылып жаткан маалыматтар жалган экенин айтып, бүгүн, 8-декабрда расмий билдирүү таратты. Депутат билдирүүсүндө демократиялык системи бар өлкөлөрдө бийлик өкүлдөрү тууралуу сын-пикирлердин жазылышын колдой тургандыгын, бирок жөнү жок жалаа жаап, каралоо өтө чоң катачылык экенин белгилейт.

Депутаттын билдирүүсү:

"Кыргыз Республикасы тандап алган демократиялык коомдо адамдын эркиндиги, ойдун эркиндиги, сөздүн эркиндиги демократиянын башкы атрибуттары экендиги талашсыз. Катардагы жаран катары, депутат катары мен биздин мамлекет тандап алган бул жолду, системди сыйлоого тийишмин жана сыйлайм.

Демократиялык системи бар өлкөлөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарында бийликтин тиги же бул бутагынын ишмердигине байланыштуу кандайдыр бир кичине гана шектүү сөздөр жазылса, айтылса, көргөзүлсө, анда ошол сөз болуп жаткан бийлик бутагынын өкүлү чын эле айыптуу болсо, анда ал элден кечирим сурап, кызматынан кетет. Айыбы жок болсо, маалымат каражаттарындагы маалымат туура эмес экени тууралуу расмий билдирүү жасайт.

Сөз акыркы учурларда айрым гезиттерде менин тегерегимде жазылып жаткан чуулгандуу темалар жөнүндө болуп жатат. Эгерде мен тууралуу жазылган макалаларда чындыктын кичине гана белгиси болсо, чырылдайт элем, актанат элем, теригет элем, күйүгөт элем. Бирок мен өзүм ичимден жалаа экенине, менин абийрим таза экенине 100 пайыз ишенип турган соң, биринчиден, коомчулукка, экинчиден, балким, атайылап, балким, чындыкты аягына чейин жеткилең иликтебей, божомол менен мен тууралуу кайра-кайра макалаларды жазып жаткан айрым журналисттерге карата расмий билдирүү жасап коюуну туура деп таптым.

Демократиялык системди тандаган өлкөдө сын, критика өтө керектүү нерсе. Журналисттер президентти, өкмөттү, парламентти, чиновниктерди, депутаттарды далилдүү жүйөлөр, фактылар, аргументтер менен ар дайым сындап турганын колдойм жана сындоо, критикалоо журналисттердин күндө жасаган иши, жумушу экенин туура түшүнөм. Бул жагынан мени, мен сыяктуу депутаттарды сындап жаткан журналисттердин ишине чоң рахмат айтам.

Ар бир кесип ээси өз ишинин тамырын өзү жакшы билери анык. Журналисттерге эмнени, кантип, кандай жазууну үйрөткөндөй болбоюн, бирок соңку кезде мен тууралуу тынымсыз жазып, мага ыйман болгон диниме чейин тийишип, факт менен жазуунун ордуна ар кандай божомол менен сенсация издеген айрым журналист инилериме айтарым: унчукпаганымды "айыбын моюнуна алды" деп, сабырдуулугумду "коркту" деп түшүнүп албасаңар. Эң негизгиси, колуңарда менин айыбымды кашкайта көрсөткөн документалдык, аудио, видео далилиңер жок туруп, шылдыңдоо формасындагы маалыматтарды, макалаларды жазууну сөз эркиндиги деп түшүнүп албоо керектигин айта кетейин.

ЖМК жөнүндөгү мыйзамды бир ачып карап, кандайдыр бир маалыматтарды жазууда окуяга тиешелүү бардык тараптын пикирин суроо керектигин эске алып, демек, Төрөбай Зулпукаровдун “желмогуз” экенин, “жаман” экенин жазгыңар келген чакта да анын астына барып “Сиздин ушундай экениңиз чынбы?” деп өз оозунан угуп койгонуңар, мыйзам алдында да, жеке абийириңердин астында да ашыкча болбойт деп ойлойм.

“Баланча гезитте түкүндөй деп жазганы туура эмес, ал окуя момундай болчу, тигиндей болчу” деп мен тууралуу гезитте айтылган жагдайлардын ар бир майда-чүйдөсүнө токтолуп, кайсы жерде эмне болгонун башынан түшүндүрүп айткым келбейт.

Мага жалаа жаап, мен тууралуу жазып келе жаткан журналисттерди жек көрбөйм, анткени мен алардын адашып жатканын, туура эмес экенин, журналист катары эмес, пенде катары адашууга алардын да укугу бар экенин, кийин мезгили келгенде адашканын түшүнүп, менин астыма басып келип кечирим сурабаса да, өздөрүнүн абийиринен кечирим суроого даремети жете турган адамдык бийик касиеттерге ээ журналисттер деп түшүнөм. Адам баласына ыйык болгон Жаратканына, мекенине, улутуна, ата-энесине, тилине, динине жана каада-салтына тил тийгизүү өтө чоң катачылык экенин баарыбыз түшүнөбүз.

Мен алардын түйшүктүү, мээнеттүү ишине береке, үй-бүлөсүнө тынччылык, ден соолук, амандык каалайм. Бардык жарандардын укугун сыйлаган демократиялык систем өнүгө берсин, сөз эркиндигин туура түшүнгөн, туура пайдаланган журналисттер көбөйсүн".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан