Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги эски аянтта Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата коррупцияга каршы флешмоб өтөт. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чарага Жогорку Кеңештин жаш депутаттары Жанар Акаев, Лунара Мамытова жана студенттер катышат. Анда "Ак терек, көк терек" оюну уюштурулат жана депутаттар билдирүү жасашат.