Жалал-Абад шаарындагы сурамжылоонун жыйынтыгында Чыныбай Турсунбеков "Жылдын мыкты депутаты" деп табылды. Парламенттен билдиришкендей, Жалал-Абадда жылдын мыктыларын аныктаган иш-чара 8-декабрь - Телерадио кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн. Өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн мактоого арзырлык иш жасагандыгы белгиленип, КСДП фракциясынын лидери "Мыкты депутат" номинациясына татыган.
"Сурамжылоонун негизиндеги жалал-абаддыктардын чечимине ыраазычылыгымды билдирем. Жогорку Кеңешке аталган облустун көйгөйлөрү жакшы маалым. Биз аларды чечүүгө бардык аракетибизди көрүп жатабыз. КСДП республикабыздын ар бир аймагынын өнүгүшүнө аракет кылат",- дейт Турсунбеков.