Өкмөт 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбооруна өзгөртүү киргизүү сунушун 8-декабрда карап, жактырды. Премьер-министр Темир Сариев 2016-жылга бюджеттин долбоору август айында каралып, бекитилгенин жана парламенттик шайлоодон соң өкмөттүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу бюджетке айрым өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, бюджетке мындай өзгөртүүлөр кирди:
- Республикалык бюджеттин жалпы кирешесинин суммасы 4 миллиард 600 миллион сомго көбөйтүлүп, жалпы чыгым 300 миллион сомго азайтылды. Буга байланыштуу бюджеттин тартыштыгы 22,5 миллион сомго же ички дүң продукциянын 4,5 пайызына кыскартылды. Кайра карап чыгуунун эсебинен 300 миллион сом – Мамлекеттик ипотекалык компанияны капитализациялоого, 70 миллион сом – өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртууга, 300 миллион сом эл аралык уюмдарга мүчөлүк акыны төлөөгө жумшалмакчы.
Премьер-министр бюджетти аткарууда жергиликтүү бийлик органдары каражатты эффективдүү пайдалануу менен кирешени көбөйтүүгө болорун билдирди. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевге аймактардагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жер тилкелерин инвентаризациядан өткөрүү жана эффективдүүлүгүн көтөрүү жолдорун карап чыгууну тапшырды.