Депутат Момбеков "Москвага кыргыз өлкөсүнүн Илим жана маданият үйүн курууну демилгелегендер курулган үйдү соода жайына айландырып алышы мүмкүн" деди

"Москвага кыргыз өлкөсүнүн Илим жана маданият үйүн курууну демилгелегендер курулган үйдү соода жайына айландырып алышы мүмкүн",- деди депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында. Отурумда "2011-жылдын 28-мартында кол коюлган Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн, Бишкек шаарында Орусиянын Илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө кыргыз өкмөтү менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда каралып жаткан.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов мындай демилгени “Кыргыз биримдиги” аймактар аралык коомдук бирикмесинин жетекчиси А.Шакиров көтөргөнүн айтты. Шакировдун кайрылуусуна ылайык, мамлекет тарабынан жер тилке маселеси чечилсе, анда аталган бирикме өз каражатынын эсебинен Москва шаарындагы Кыргыз илим жана маданият үйүн курууну өз мойнуна алат.

Депутат Момбеков: "Шакиров жер тилкеси берилгенден кийин ал жерге 4 кабаттуу үй куруп, анын 3 кабатын соода жайы кылып албасын. Анын эмне максатта демилгечи болуп жатканын жакшылап карап чыгуу керек",- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан