Депутаттар райондордун жайыттарынын чек аралары, токой чарбасы менен чектешкен жерлери талаш болуп келе жатканын белгилеп, аларды тактоону тездетүүгө чакырышты

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарга) 3-окууда каралды.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоору жайыт ресурстарын пайдаланууну башкаруу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган. Мыйзам долбоорунун милдети жайыттарды деградациялануудан сактоо болуп саналат. Долбоордо жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттарды казына аркылуу чыгымдоо максатында анын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке калтыруу каралган.

Талкууда эл өкүлдөрү түшкөн каражаттар менен жайыттарды жакшыртуу, жолдорду оңдоо, көпүрөлөрдү салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден маалымат алышты. Малдын башынын көбөйүшү менен жакынкы, ортоңку жана алыскы жайыттардын натыйжалуу пайдаланылбай жатканы айтылды. Ошондой эле райондордун жайыттарынын чек аралары, токой чарбасы менен чектешкен жерлери талаш болуп келе жатканын белгилеп, аларды тактоону ыкчамдатууга чакырышты. Жайыттарды жакшыртууга каражат каралганы менен, алгылыктуу иштер жүргүзүлбөй жатканы, мыйзам долбоорундагы айрым так эместиктер белгиленип, мыйзам долбоорун 2-окууда кайтарууну сунушташты.

Мыйзам долбоору комитеттин тиешелүү чечим кабыл алуусуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан