ЭЛДИК КАБАР: Ак-Талаада мечитти бала бакчага айландырышты

Бүгүн, 9-декабрда Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылында жаңы бала бакчанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, буга чейин бул имаратта эски мечит болгон.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
ishikylsa
2015-12-09 15:14:55
Абдан туура кылышыптыр, биринчи орунда - билимдүү балдарды тарбиялап чоңойтуу, ата-энесине дагы кадимкидей жеңилдик болот, эми балдарын бала-бакчага берип, жумуш менен алектенгенге жеңил болот!
+3
Maripa
2015-12-09 15:21:18
Эн сонун. Балдар биздин келечегибиз. Мында ары да коп бала бакчалар салына берсин.
+3
aibi8984
2015-12-09 15:24:40
Мечитке караганда бала бакча эн жакшы жана таза болот, рас эле кылыптыр!
0
Mars55
2015-12-09 15:38:37
Биздин айылда 9мечит ,ал эми болгону 1бала бакча бар.
+1
daniyar84
2015-12-09 15:40:59
Жаны мечит салындыбы анан
-2
potriot.kg
2015-12-09 15:54:07
Астафираллах. Емне деп жатасыр ески мечитти бала бакча кылышты деп жатпайбы. Значит жаны мечит курулган. Вобще бала бакчаны жана мечитти мамлекет куруш керек. Кимде ким мечит курса Аллах Таала бейишке уй куруп берем деген. Ар бир койгон кирпичи учун сооп жазылып турат. Бала бакча курганга бейиштен уй обещать еткен емем бирок сообу коп болсо керек аны Аллахтан башка еч ким билбейт. Егер менин акчам болгондо мечит курмакмын. чондор милиондогон кредитерди алып атат ошолорго бала бакча салып берсин.
+1
teleport
2015-12-09 16:19:49
Ыйман болбосо билимин бир тыйын биринчи ыйман болуш керек а ыйман МЕЧИТте
-3
kubat_73
2015-12-09 16:29:18
Бала бакча кылып абдан туура кылышкан келечекти ойлогон адамдар десек болот.Ал эми кудайга кай жерден болсо да мечити жок деле жалынып табынып турууга болот.
+3
Kasym_1
2015-12-09 17:04:18
Аллах баарын билуучу.Аллахым озун каалагандай ошол айылдын Элине жакшылыгын менен жооп кайтара кор.
+6
Elnazar96boy
2015-12-09 18:20:51
Биздин айылда да мечитти бала бакча кылып коюшкан, жаны мечит куруп( айылыбызда 3 мечит бар)
+2
Shat.88
2015-12-09 19:51:05
Эн туура кылышыптыр азаматтар нур патриот туура айттын,билим тарбия кичинекей кезден ьашталыш керек бала бакчадан,а чондор намазды уйдон окусанар деле кабыл болот,
-1
Shat.88
2015-12-09 19:53:28
Телепорт ошол ыйманга келиш учун да билим керек,
-1
Moskva.kg
2015-12-09 23:13:53
Бул кылганы туура эмес мисалы жетим жесирлерге курбандык берем деп аттарын атап малды союп кайра ошол адамдарга бербей озу жеп алган м.н барабар адам баласына ыйман берсин деп мечиттерди салып жатышат бара бара адамдар жаман жолдо коп жургонуно байланышту мисалы баняны мечит кылса болобу болбойт
+1
mira28
2015-12-10 01:55:50
Moskva.kg, канчалаган жаш балдарды ата энеси уйуно таштап тиричилик кылуу учун жумушка кетип балдар кароосуз кор болуп жатат аны да эске алуу керек намазды кайсы жерде болсо да окуса кудайым кабыл кылат.Бала бакча мектептерди кобойтуу керек.Бир райондо бир мечит болсо ошого жоо барп намаз окусан ар бир кадамын сооп иш деп да айтылатго.Азыр ар бир айылда 2 3тон мечит бири бирибизге даават айтканыбыз менен кун сайын ойго келбеген жоруктар элдин арасында.
0
Moskva.kg
2015-12-14 02:17:52
mira28, Баланы эне караш керек атасы багыш керек бала бакчада кандай тарбия берип жатат эмне тамак жеп жатат кандай суу ичип жатат алар бизге карангы ошондуктан ар бир ата эне мееримин тогуп озу караш керек ошондо бала да ата энеге меримдуу болуп осот уядан эмнени корсо учканда ошону алат
0
syumbul-aga
2015-12-10 10:54:31
Эми террористтер кичине болсо да азыраак болот.Сирияга террорист-боевик дайындагыча балдар татыктуу тарбиялансын.
-2
nazhiev80
2015-12-10 19:30:39
ой тообо бала бакча десе эле мечитке асылышат мечитте не жаман иш болот?!неге арак ичилген ойнош ойнолгон кафе ресторандар айтылбайт качан болсо мечит мечит деп чарчабадынар ,!кечирип койгула ушул жерде баарынар коз жумсанар ошол мечиттин имамына ишинер тушот ошол мечиттин жамааты келип кепиндеп жаназа окуп бапестеп алпарып Табарак,Ясин суролорун окуп комушот !бул ар бирибиздин башыбызга келет мечитке тийишпегиле бул Аллахтын жердеги уйу!
-2
v.kyrgyz
2015-12-11 17:15:10
nazhiev80, коктон издегеним жерден табылгандай эле болду.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан