"Атайын жол-жоболору иштелип чыкмайынча өкмөт түзүмүндөгү жаңы багыт катары саналган энергохолдингдин түзүлүшү эртелик кылат. Ошондон улам азырынча аны колдоого болбойт". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев бүгүн, 9-декабрда “Парламент” радиосуна берген маегинде билдирди.
“Ал эми электр энергиясынын кайра жаралуу булактарын колдонуу шартында Балыкчы шаары менен Кочкор району тарапта шамалдан, күн нурунан электр энергиясын алуунун эң ыңгайлуу жолдору бар. Ушул жааттагы иштерге тез арада киришип, тиешелүү инвесторлорду тартып, жумуштарды жандандыруу керек”,- деди Рыспаев.
"Эгер эл ушул тараптагы ишкердик чөйрөсүнө аралаша баштаса, өкмөт алар өндүргөн электр энергиясын 2,1 коэффициент өлчөмү менен сатып алганга даяр болуш керек",- деп кошумчалады.