10-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -7°C
Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -7°C
Нарын облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -15°C
Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -4°C