Депутат Бекешев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жетиштүү билим ала албай жатышканын айтты

"Кыргыз мамлекетинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жетиштүү деңгээлде билим албай жатышат". Муну депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында билдирди.

"Бишкек жана Ош шаарларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окута турган атайын мектептер бар, бирок айыл жергесинде мындай шарт жок. Өкмөт мындай балдарга билим берүүнүн абалын иликтеп чыгып, аларга билим берүү шартын жакшыртуу чараларын көрүүгө тийиш. Балдарга үйдөн билим берүү тажрыйбасын караштырса жакшы болмок. Айыл мектептеринин билим берүү жагын да караштыруу керек. Ал үчүн балдарды мектепке жеткирүү, сабактан кийин алып келүү маселелерин чечүүгө туура келет",- дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан