Төрөбай Зулпукаров "өз пикириңди эркин айтууга мүмкүн болбой калды, коркунуч бар" деди

Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-декабрдагы жыйынында бир катар депутаттар коопсуздук маселесин көтөрүп чыгышты. Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Өз пикириңди эркин айтууга мүмкүн болбой калды, коркунуч бар",- деп айтты. Зулпукаров теолог Кадыр Маликовго болгон кол салуу буга далил экенине токтолду. "Кадыр Маликов мамлекетибизде салттуу динди эң жакшы билгендердин бири. Ал оюн ачык айтып келген. Оозун жабуу үчүн Бишкекте кол салуу болду. Бул өлкөдөгү абал кооптуу экенин билдирет. Ошондуктан күч түзүмдөрү биргелешип диний коопсуздук менен маалыматтык коопсуздукту карашы керек. Өкмөт коопсуздукту бекемдөө үчүн кайсы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин карап чыгышы зарыл, себеби алгач мыйзамга өзгөртүү киргизип алуу абзел",- деди Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан