Жогорку Кеңештин спикери: "Биз мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда укук коргоочуларды Эл аралык адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктады.

Спикердин куттуктоосунда булар айтылды:

"Урматтуу укук коргоочулар!

Силерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан кесиптик майрамыңар – Эл аралык адам укуктарын коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм! Анын 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган БУУнун Башкы ассамблеясынын Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күнгө тушташ белгиленишинин символикалуу жагы бар.

Адам укуктары менен эркиндиктери демократиялык түзүлүштүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Адам укуктарынын сакталышы биз жашаган коомдун, анын сапаттык маңызын аныктайт. Ал эми кыргыз мамлекети өнүгүүнүн парламенттик демократия жолун тандап алгандыктан, өлкөдө адам укуктарынын сакталышы андан бетер чоң мааниге ээ болду. Адам укуктары так сакталганда, мыйзам үстөмдүүлүгү орногондо гана чыныгы демократиялык ачык коомду кура алабыз.

Мамлекет адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо кепилдигин толугу менен өз мойнуна алган. Демек, мамлекеттик башкаруу бийлигинин жүзү да ошого жараша аныкталат. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бийлиги катары адам укуктарын коргоо институтунун мыйзамдык базасын өркүндөтүү, аны ишке ашыруу механизмдерин жакшыртуу чараларын иштеп чыгуу жаатында аракеттенип келет. Баарыдан мурда биз мыйзамды сыйлаганды, мыйзам чегинде жашаганды үйрөнүшүбүз керек.

Коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык теңчилик өзү келбейт, ал өнүгүүгө жолтоо болгон жосундар менен айгышкан күрөштүн натыйжасында жаралат. Ал үчүн майтарылгыс ынаным, саясий эрк, жигердүү аракет, алгылыктуу тажрыйба, ийкемдүү мамиле керек. Ушу тапта коомубуздун бардык чөйрөсүндө, айрыкча укук коргоо тармагында туташ кайра курумдар жүрүүдө. Анын натыйжасы баарыбыздын бирдиктүү аракетибизге жараша болот.

Ар бир жаран өз укуктары менен эриндиктерин коргой билүү менен бирге, коом алдындагы милдеттерин да унутпоого тийиш. Анткени адам укугу менен анын коом алдындагы милдети куш канатындай эриш-аркак өкүм сүрөт. Мезгил талабы, турмуш мыйзамы ушундай".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан