2010-жылдын 11-февралында Сокулук районунда 1983-жылы туулган айымды зордуктап, андан соң өрттөп салуу кылмышына шектүү жарандар өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 12-мартта Сокулук райондук соту кабыл алды. Кылмышкерлер Өзбекстанда 1988-жылы туулган М.Н. жана 1986-жылы туулган Р.А. аттуу жарандар экендиги белгилүү болду. Ал эми каза болгон айым Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун тургуну болгон. Кылмыштын күнөөкөрлөрү 2010-жылдын июнь айында колго түшкөн эле.