Депутаттар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жакшылап кам көрүүнү сунушташты

Кыргыз жеринде Улуу Ата Мекендик согуштун миңдей гана ардагери калды. Муну депутат Бакыт Эсенбаева бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, ардагерлерге мамлекеттик деңгээлде татыктуу кам көрүүнү сунуштады. “Ата Мекен, эл-жер үчүн кашык канын аябай күрөшкөн ата-бабаларыбызды барктап-баалап алалы. Бул багытта өкмөт менен Социалдык фонд атайын мыйзам долбоорун сунушташы керек”,- дейт депутат.

Эскерте кетсек, аталган согушка өлкөбүздөн 365 миңдей адам катышып, мунун 90 миңдейи майдандан кайтпай калган. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 1092 согуш ардагери калды. Ардагерлердин эң жашы 90го чыгып калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан