Ушул жылдын 10 айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 3,6 миллиард долларды түздү

2015-жылдын январь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 11 миллиард 697 миллион 204,9 миң сом жумшалды. Анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз боюнча 6 миллиард 376 миллион 18,6 миң сом жана мамлекеттик ички карыз боюнча 5 миллиард 321 миллион 186,3 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 10-декабрда билдирди.

2015-жылдын 31-октябрына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 3 миллиард 676 миллион 985 миң АКШ долларын түздү. Анын ичинде тышкы карыз – 3 миллиард 455 миллион 760 миң АКШ доллары, ички карыз – 221 миллион 225 миң АКШ доллары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан