"Мигранттар менен жакшы иштешпей жатасыңар",- деп депутат Бакыт Төрөбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду сынга алды. Муну эл өкүлү Жогорку Кеңеште улуттук валютанын кунун турукташтыруу багытында көрүлүүчү ыкчам чаралардын долбоору талкууланып жатканда айтты. Ошондой эле депутат Абдыгуловго аймактардагы банктардын бөлүмдөрүндөгү абалдан кабар алып чыгууну сунуш кылды. Андан кийин банктарда депозит ачкан жарандарын саны канча экенин сурап, бирок жооп ала алган жок.