Өкмөт башчы: “Армиядагы тартипке өзгөчө көңүл буруп, аскерлер арасында уставдык эмес мамилелерди толугу менен жок кылуу керек”

Бүгүн, 10-декабрда Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин учурдагы ишмердиги жана аткара турган иштери тууралуу маалыматтар айтылды. Премьер-министр Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин алдында Куралдуу күчтөрдүн жеке курамынын жана материалдык-техникалык сапатын жакшыртуу боюнча чоң жоопкерчилик турганын билдирди. Премьер-министр армиядагы тартипти күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолду.

“Армиядагы моралдык-психологиялык абалда бир катар кемчиликтер кетип, айрым аскерлер өз өмүрүнө кол салууга чейин барган учурлар катталууда. 2014-жылы 7 аскер өз жанын кыйса, быйыл 1 жоокер каза болду. Куралдуу күчтөр жана аскерлер арасында мындай окуя болбош керек. Ошондуктан тартипке өзгөчө көңүл буруп, аскерлер арасында уставдык эмес мамилелерди толугу менен жок кылуу тапшырмасы турат”,- деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр аскер жетекчилеринин арасында командирлердин жоопкерчилигин күчөтүү жана жоокерлердин аскердик-саясий даярдыгын жогорулатуу тапшырмасын берди. Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу жана аскердик-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштерди улантарын маалымдады.

Өз кезегинде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин учурдагы ишмердиги жана аткара турган иштери тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, учурда жарандарды аскерге чакырууда психологиялык саламаттыгы жана даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле Марат Кенжисариев аскер бөлүктөрүндө тамак-аш менен камсыз кылууну аутсорсингге өткөрүү каралып жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан