Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында акыйкатчы кызматына сунушталгандардын талапкерлиги каралып жатат. Алгач 7 талапкер депутаттарга өз программаларын тааныштырып, андан кийин суроолорго жооп берүүгө өтүштү. Депутат Дастан Бекешев талапкерлердин бири Турсунбек Акунга кайрылып: "Сиз түбөлүк акыйкатчы болосузбу, сиз пара алдыңыз беле?"- деп суроо салды.
Акун пара албаганын айтты. "Мен эч качан пара алган эмесмин. Ал эми эки жолу акыйкатчы болуп шайлангам. Биринчи жолу 4 жыл акыйкатчы болсом, кийинки жолу 5 эле ай отурганда Батукаевдин кесепетинен жумуштан алынгам. Эми кайра шайлансам, бир-эки жыл иштеп, жакшы кадрга таштап кетсемби деп ойлонуп жатам",- деп жооп берди.
Андан кийин Кожобек Рыспаев Акунга: "Ачкачылык жарыялап өлбөдүңүз, жоголуп кетип деле өлбөдүңүз. Дагы деле аман-эсен жүрөсүз",- деп айтты.