Жылнаама, 11-декабрь: Мындан 64 жыл мурун “Таң сыры”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың” сыяктуу ырлардын атка­руучусу Шамшыбек Өтөбаев туулган

* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы 14 республикалык, 8 эл аралык сынак-фестивалдардын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, композитор жана атка­руучу Шамшыбек Өтөбаев Ноокендин Шыңсай айылында туулган. 2008-жылы "КРнын Эл артисти" наамына арзыган.
Анын аткаруусундагы “Таң сыры”, “Сары-Челек”, “Көл кечи”, “Кыргыз жери”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Сага”, “Фрунзенин теректери” жана башка жүрөккө жеткен ырлары элге сиңип, эчак эле эл оозуна алынып, классикага айланган. Андан сырткары “Ат келет”, “Кутман жер”, “Алтын тумар”, “Атама”, “Өмүр - керемет”, “Кыялдагы мырзага”, “Кат жазчы мага”, “Дүрдана”, “Ата Журт” деген ырлары популярдуулугун жоготпой, профессионалдык жогорку деңгээлдеги ырлардын катарында өз ордун тапкан.
Шамшыбек Өтөбаев 58 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы депутаттар орусиялык "Газпром" ишканасына "Кыргызгаз" ишканасын 2 миллиард сом карызы менен сатууга макулдук беришкен. Алар "Кыргызгаздын" "Газпромго" 1 долларга сатылышын колдошкон. Катталган 97 эл өкүлүнүн ичинен 19у, 5 фракция лидеринин арасынан бирөө гана каршы добуш берген.
"Эл аралык макулдашуунун ратификациясы" депутат Өмүрбек Текебаев сунуш кылган пункт менен кабыл алынган. Башкача айтканда, "Кыргызгазды" сатып алган "Газпром" өлкөдөгү газ тармагына толук ээлик кыла албайт. Кыргызстанда газ куурларын тартып келүү менен башка өлкөлөрдөн да газ алуу укугу калган. Макулдашуунун мөөнөтү 25 жылды түзүп, бул мөөнөт аяктаганда Кыргыз Республикасы ишкананы өзүнө сатып алууга укуктуу болгон.

* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы Сальвадордогу жарандык согуш учурунда өкмөттүн "Атлакатль" аскерлер отряды Эль-Мозоте айылынын элин кырып салган. Жалпысынан 700дөн ашуун адам өлтүрүлгөн.

* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы АКШда жогорку ылдамдыктагы "Acela Express" поезди колдонууга киргизилген. Ал "Амтрак" компаниясынан чыгарылган. Анын максималдуу ылдамдыгы 150 миль/саат же 240 км/саатты түзгөн. Алар АКШнын түндүк-чыгышында Вашингтондон Балтимор аркылуу Филадельфияга жана Нью-Йоркко каттап, 7 саатта 734 км (456 миль) жүргөн.
"Acela Express" поезди учактарга олуттуу атаандаш боло алган. Анткени "Acela Express`тин" кызматы менен Вашингтон менен Нью-Йорктун ортосундагы жүргүнчүлөрдүн жарымы колдонушуп, орточо эсеп менен "Acela" поезди жылына 3 миллион жүргүнчүнү ташыган.

11-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан