Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында акыйкатчы кызматына 7 талапкер ат салышты. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында эң көп добуш жыйнаган Гүлгаакы Мамасалиева (28 добуш алды) менен Атыр Абдрахматова (23 добуш алды) 2-турга өтүштү. Учурда кайрадан эки талапкерге жашыруун добуш берүү жүрүп жатат.
Аталган кызматка "Ата Мекен" фракциясы Гүлгаакы Мамасалиева, Бакыт Рыспеков жана Турсунбек Акундун, КСДП Гүлнара Жамгырчиеванын, "Өнүгүү-Прогресс" Мурат Жетимишбаевдин, "Республика-Ата Журт" Атыр Абдрахматованын, "Бир бол" Нурланбек Жээналиевдин, "Кыргызстан" фракциясы Канатбек Турганбековдун талапкерлигин көрсөткөн.
Акыйкатчы кызматына ат салышкандар өз программалары менен тааныштырган соң Мурат Жетимишбаев талапкерлигин алып салды.