Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы 11-декабрдагы жыйынында "Жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Бул боюнча баяндама жасап жаткан өкмөт өкүлү Мамлекеттик ипотекалык компания насыяны 10 жылдан кем эмес мөөнөткө берүүнү пландап жатканын айтты.
"Ипотекалык компания насыя бербейт, насыяны банктар беришет. Ал эми канча пайыз менен берилерин мекемелер аралык комиссия карап чыгат, комиссия азырынча түзүлө элек. Учурда жумушчу топ түзүлүп, насыя кандай шартта кимдерге бериле турганы боюнча критерийлерди карап жатат",- деди баяндамачы.