Футбол боюнча улуттук курама команда 2016-жылы 6 жолдоштук беттеш өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 10-декабрда журналисттер менен жолугушуу учурунда КРнын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдирди.
"2015-жылы улуттук курама Бишкекте 4 беттеш өткөрдү. Учурда федерациянын жетекчилиги башка федерациялар менен жолдоштук беттеш өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бардык жолдоштук беттештер Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда орун алчу Тажикстанга каршы оюндан кийин өтөт (Тажикстанга каршы оюн 29-мартта болот). Атаандаштар Филиппин, Казакстан, Литва жана Беларусь сыяктуу курамалар болуп калышы мүмкүн. Баары жакынкы аралыкта чечилет",- деди Н.Угрюмова.
Кошумчалай кетсек, эгер 6 жолдоштук беттеш боюнча макулдашуу ийгиликтүү өтсө, эки беттеш Ош шаарында өтөрү да айтылды.