23-февралдан 9-мартка чейин Бишкектеги Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча эл аралык мелдеш өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, 1-орунду Орусиянын Красноярск, 2-орунду Владивосток шаарларынын курама командасы алды. Ал эми 3-орунга кыргызстандык альпинисттер татыктуу болушту. Айта кетсек, бул иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн 50дөй спортчу катышты.