Ысык-Көлдө 12-декабрда кышкы туристтик сезон ачылат

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 11-декабрда Ысык-Көл облусуна 2 күндүк иш сапары менен кетти. Өкмөт жетекчиси Светлая Поляна айылындагы жаңы мектептин ачылышына, Караколдогу А.Пушкин атындагы сейил бактагы орус акынынын эстелигинин ачылышына катышат.

Сариев Ак-Суу районундагы гипс чыгаруучу заводдун курулушу менен да таанышмакчы. 12-декабрда премьер-министр Каракол шаарында өлкөдөгү туризмдин көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүүнүн жолдору талкууланган жыйынга, "Каракол" тоо-лыжа базасында кышкы туристтик сезонду ачуу аземине катышары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан