Оор атлетика боюнча “СССР-1980” олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев Нарын облусуна аттанып жатканын кабарлады. “Нарын облусунда бир нече мектептерде окуучулар менен жолугушуп, аларды спортко шыктандыруу максатын көздөп турам. Окуучуларга мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен атайын спорттук шаймандар, спорттук кийимдер берилет”,- деп билдирди ал. Эске салсак, Каныбек мырза учурда Бишкек шаардык оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча адистештирилген спорттук мектептин директору болуп иштейт.