"Ипотекалык насыяны бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине гана берүү туура эмес". Мындай пикирди "Республика-Ата Журт" фракциясынын бүгүнкү жыйынында фракция лидери Өмүрбек Бабанов айтты. Бабанов жалпы бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин саны 30 миңдей болсо, калган жарандар ипотекага насыя албай кала турганына токтолду.
"Мыйзам долбоорунун концепциясын өзгөртүү керек, себеби муну менен жөнөкөй жарандар ипотекага насыя ала албай калышат. Шайлоодо добуш берүүгө жарактуулардын саны 2 миллиондон ашык болсо, анын 30 миңдейи мамлекеттик мекемелерде иштегендер. Демек, биз 30 миң кишиге гана ипотека берет экенбиз. Бул туура эмес. Жеке компанияларда, базарларда иштегендер эмне болот? Кыргыз мамлекетинде азыр жеке ишканалар көп, көпчүлүгү ошол жактарда иштешет. Биз баарын бирдей карап чыгалы. Мамлекет үйдү бекер салып жаткан жок, акчасын төлөшөт",- деди Бабанов.