Бишкекте "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусуна даярдык боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Бүгүн, 11-декабрда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдык борборунда 2016-2017-жылдарга Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо мекемелеринин кызматташтык планына ылайык, штабдык сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду башталды.

Маалым болгондой, сүйлөшүүдө ШКУнун "Тынчтык миссиясы-2016" деп аталган биргелешкен аскердик террорчулукка каршы эл аралык машыгуусуна даярдык маселелери каралат.

Сүйлөшүүлөргө Орусиянын, Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Кытайдын жана Тажикстандын аскер делегациялары катышат. Сүйлөшүүлөр 2015-жылдын 12-декабрында аскер делегацияларынын башчыларынын жыйынтык протоколдорго кол коюусу менен аяктайт.

"Тынчтык миссиясы" машыгуусу уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында жылына эки ирет өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан