Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Аталган мыйзам долбоору боюнча каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков маалымат берди.
Ага ылайык, 2016-жылдагы мамлекеттин жалпы кирешеси 141 миллиард 433 миллион сом, мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгашасы 163 миллиард сом өлчөмүндө белгиленген. Ал эми республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом, жалпы чыгашасы 146 миллиард 853 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. Республикалык бюджеттин тартыштыгы 2016-жылы 22 миллиард 453 миллион сом деңгээлине чыгат.
Ошондой эле 2017-жылдагы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 149 миллиард 741 миллион сом көлөмүндө болжолдонуп, ал 2018-жылы 162 миллиард 38 миллион сомго чейин өсөт. 2017-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 131 миллиард 504 миллион сом өлчөмүндө болжолдонуп, ал 2018-жылы 142 миллиард 212 миллион сомго чейин көбөйөт. Ал эми 2017-2018-жылдары мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 170 миллиард 800 миллион сомду жана 175 миллиард 724 миллион сомду түзөрү болжолдонууда.
Талкууда депутат Мирлан Бакиров келерки жылдын бюджетинин долбоорундагы макроэкономикалык көрсөткүч 5,2 пайыз деп көрсөтүлүп, анын негизги багыты катары айыл чарбасы жана курулуш белгиленип жатканын тактап, анын айыл чарбасына делген 2 пайыздык көрсөткүчтү ишке ашыруу үчүн бул багытка зарыл болгон каражаттар толугу менен бөлүнүп берилиши керектигин баса белгиледи.
Фракция лидери Бакыт Төрөбаевди келерки бюджетти долбоорлоодо МТСтерди түзүү, лизинг системи менен айыл чарба техникаларын алуу маселеси кызыктырды. Ал аталган маселелерди бюджет долбооруна киргизүү зарыл деген пикирин айтты. "Дыйкан лизинг менен трактор алса, анын кошумча жер иштетүүчү шаймандары жоктугунан улам иштетилбей, тагыраак айтканда, өзүн өзү актабай, аны төлөй албай калуу коркунучу бар. Андыктан тракторду шаймандары менен лизингге коюп, анын баштапкы төлөө суммасын 5 пайыз деп белгилөө максатка ылайыктуу”,- дейт Төрөбаев.
Төрөбаев учурдагы социалдык-эконономикалык кырдаалда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн абалы оор болуп жатканын айтып, мындай жагдайдан чыгуунун жолу катары жер иштетүүнү колго алуу керектигин билдирди. "Жер иштетүүдө жерди суу менен, дыйкандарды техника менен камсыздоо, логистикалык борборлорду куруу зарыл",- деди Төрөбаев. Андан кийин суу менен камсыздоо максатында Суу департаментине 220 миллион сом, мамлекеттик фонддун жерлерин инвентаризациялап, тактоо максатында Жер кыртышын изилдөө мекемесине 23 миллион сом жана жерлерди ар кандай зыянкечтерден коргоо максатында Химизациялоо департаментине 15 миллион сом бөлүнүшү керектигин чечмелеп берди.
Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун колдоп беришти. Ошону менен катар жерди иштетүүнү колго алууда Суу департаментине, Жер кыртышын изилдөө мекемесине жана Химизациялоо департаментине зарыл делген каражаттарды келерки жылдын бюджетинин долбооруна киргизүүнү табышташты.