Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды

Өкмөттүн Ош облусундагы мурунку өкүлү Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-декабрда кол койду.

Ал эми Бакытбек Сагынбаев Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусун 2012-жылдан бери жетектеп келген С.Жээнбеков кечээ, 10-декабрда кызматтан алынган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан