Бүгүн, 11-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы крахмалды иштетүүчү заводдун ачылыш аземине катышып, жергиликтүү тургундар менен жолукту.
«Быйыл ар бир райондо 10дон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасы берилген. Анын алкагында Ак-Суу районунда крахмалды иштетүүчү завод ачылып жатат. Өлкөбүздө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 15 пайызы гана кайра иштетилет, бул абдан аз. Ошондуктан бул сыяктуу кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу менен жаңы жумушчу орундарын түзүшүбүз керек»,- деди Сариев.
Түштүк Кореянын инвесторлорунун каржылоосу менен курулган завод 40-50 адамды жумуш менен камсыз кылат.
Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарга өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири улуттук долбоорлор тууралуу маалымат берди. Андан кийин Т.Сариев Ак-Суу районундагы индиялык инвесторлор менен бирге салынып жаткан гипс чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты. Аталган заводду 20-январда ишке берүү пландалууда.