Москвада 10-11-декабрда кыргыз диаспорасынын аракети менен “Кыргыз экспо-2015” бизнес-форуму өтүп, анда “Жылдын мыкты адамы” болуп Алмазбек Атамбаев табылды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын бизнес жана маданият коомчулугунун өкүлдөрү катышууда. “Форумдун алкагында кыргыз жергесинде чыгарылган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле жергиликтүү бир журналдын өткөргөн номинациясы боюнча “Жылдын мыкты адамы" деп биздин президент табылды, анын белегин элчиликтин өкүлдөрү алып кетишти”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.