Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 11-декабрда парламенттин 16-17-декабрдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматына таянсак, 16-декабрда "Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана башка бир катар маанилүү мыйзамдардын долбоорун карайт.
Ал эми 17-декабрда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", “Билим берүү жөнүндө”, “Маданият жөнүндө” мыйзамдарга), “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнүн тартиби жөнүндө” өңдүү мыйзамдардын долбоорлору талкууланмакчы.